Жаңылыктар
Айыл чарба - өкмөттүн негизги багыты
Айыл чарба
Айыл чарба - өкмөттүн негизги багыты

 Экспортко багытталган ишканаларды колдоо өкмөттүн негизги приоритеттүү багыттарынан. Мындай пикирин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы айыл чарба багытындагы ишканалар менен таанышуу маалында билдирди. Өкмөт башчы экспортко чыккан ата мекендик компаниялардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи. 

Чүйдөгү “Арстанбек” ишканасы. Мал азыктарын чыгарып, эт багытындагы Абердин-Ангус асыл тукум букалардын уруктарын даярдайт. Аны өлкөдөгү фермердик чарбалар менен жеке жарандарга акысыз берет. Ишкана менен таанышкан премьер өкмөт мал чарбасын өнүктүрүүнү колго алаарын билдирди. Эскерте кетсек, ишкана 2002-жылдан бери эт багытындагы ири мүйүздүү бодо малды багып келет.
Премьер-министр ошондой эле Жайыл районундагы “Жайыл” кооперативинин иши менен таанышты.

 Андагылар кылкандуу дан эгиндерин, малдын тоютун эт, сүт жана жүн өндүрөт. Бул багытта иштеген кооперативдерди көбөйтүү керектигин өкмөт башчы белгиледи. Жакын арада айыл чарба азык түлүктөрүн өндүрүүчү ишканаларды колдоо маселесин кабыргасынан коё турган жыйын өтөөрүн, анда айыл чарба кооперативдерине тийиштүү салык жана социалдык төлөмдөр саясаты каралаарын айтты. Анан да жергиликтүү бийлик айыл чарба багытында иштеген ишканаларды колдон-буттан алып жардам бериши керектигин да айтты. Анткени алар аймактардагы элди тоюндургандан тышкары иш менен камсыз кылууда. Эскерте кетсек, “Жайыл” кооперативинде 117 киши иштейт.
 Ал эми жем өндүргөн «Кыргыз Корм» ишканасы чыгарган продукцияларын Тажикстанга экспорттойт. Компания өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, эми балык үчүн жем чыгарууга белсенүүдө. Ишкана менен таанышкан премьер, экспортко багытталган ата мекендик ишканаларды колдоо - өкмөттүн негизги приоритеттүү багыттары дейт.
 Сары-Өзөн Чүйдөгү “Ак сүт” ишканасы болсо чыгарган сүт азыктарын Россия менен Казакстанга экспорттойт. Өндүрүш менен таанышкан өкмөт башчы экспортко багытталган ишканалардын санын көбөйтүү менен чыгарылган продукциялардын сырткы рыноктун талаптарына жооп бергидей жогорку сапатта болушу зарылдыгын белгиледи.