Жаңылыктар
"Кыргызстан бермети" аттуу эл аралык спорт фестивалы старт алды
Спорт
"Кыргызстан бермети" аттуу эл аралык спорт фестивалы старт алды

"Кыргызстан бермети" аталышындагы эл аралык спорт фестивалы Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында старт алды.

Кечээ, 5-июль, фестивалдын ачылыш аземи өткөрүлдү. Фестивалда 10го жакын өлкөдөн келген 1000ден ашык спортчу күч сынашат. 6-июль күнү тай бокс, таяк тартыш жана ушу-саньда спорт түрлөрү боюнча мелдеш өтөт. Мелдеш 5-июлдан 11-июлга чейин созулуп, жалпысынан 10 спорт түрү боюнча жарыштар жүрөт.