Жаңылыктар
Европа желимден жасалган буюмдарды пайдаланууга толугу менен тыюу салды
Дүйнө
Европа желимден жасалган буюмдарды пайдаланууга толугу менен тыюу салды

Европа бир ирет колдонуучу желимден жасалган буюмдарды пайдаланууга толугу менен тыюу салды. Евробиримдиктеги Бельгиялык депутат Фредерик Ристин айтымында, бул кадам менен бир гана жолу колдонуп, ыргытыла турган буюмдарга тыюу салынат. Алар тамак жей турган ашкана буюмдары, топ таякчалары, кофе аралаштыргычтар жана азык салган идиштер.

Европада бир жолу колдонулуучу желимден жасалган буюмдарын пайдаланууга тыюу салынды. Мындай мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. 

Ал Евробиримдиктин бардык мамлекеттерине рыноктон желимден жасалган буюмдардын бардыгын алууга жана 2021-жылдын 3-июлунан тарта аларды чыгарууга тыюу салууга милдеттендирген. Өлкөлөргө пластиктердин буга чейин камдалганын сатып түгөтүүгө бир жыл убакыт берилет, андан соң аталган мыйзам орноп, күчүнө кирет.

Деңиздер менен океандарды булгаган таштандылардын 80% дан ашыгы желим буюмдар. Ал буюмдар көп учурда бир гана жолу колдонулуп, андан кийин ыргытылат.