Жаңылыктар
1-сентябрга Баткенде жабыркаган үйлөрдүн курулушу аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
1-сентябрга Баткенде жабыркаган үйлөрдүн курулушу аяктайт

1-сентябрга Баткен облусунда 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жабыркаган үйлөрдүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Баткен жана Лейлек райондорунда 140 үйдүн курулушу жүрүп жатат.

«Ошондой эле Баткенде каза болгон жарандардын жакындары үчүн курулуп жаткан 36 үйдүн курулушу 80-90%га бүтүп калды. Анда электр энергиясы тартылып, саркынды тутуму жана ичүүчү суу маселелери чечилип жатат»,-деди ал. 

Жунушалиев бул үйлөр демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен курулуп жатканын белгиледи. Муну менен катар социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштерге мамлекеттик бюджеттен 450 млн сом бөлүнгөн. 

Жалпысынан 8 объект, анын ичинде 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП калыбына келтирилет. «Курулуш процесси Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун көзөмөлүндө. Биз күн сайын аларга маалымат берип турабыз», - деди Жунушалиев.