Жаңылыктар
Изат Артыков Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды
Спорт
Изат Артыков Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды

Кыргызстандык спортчу Изат Артыков Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды. Мелдеш 10-августка оогон түнү бишкек убактысы боюнча таңкы саат төрттө орун алды. Таймаш 69 кг салмактагы балбандар арасында болду. Жарышта 12 спортчу ат салышты. Кыргыз жигити Изат Артыков штанганы жулкуп көтөрүүдөгү алгачкы аракетинде 146 кг, андан соң 151 кг оордукту көтөрүүгө дарманы жетти. Ал эми 3-аракетинде 155кг көтөргөнгө чамасы жетпеди. Ошентип жулкуп көтөрүүдөгү жыйынтыгы менен 5-орунга жазылды. 

Штанганы түртүп көтөрүүдө 181 кг, экинчи аракетинде 188 кг салмактагы штанганы эч кыйынчылыксыз көтөрдү. Акыркы мүмкүнчүлүгүндө 196 кг көтөрүүгө аракет кылганы менен аны ишке ашыра албады. Бирок Изат Артыков жалпы 339 кг көтөргөндүктөн, 3-орунга илинди. Бул көрсөткүч Кыргызстандын жаңы рекорду болуп саналат.  Штанга көтөрүүдө алтынды Кытай, күмүш медалды Түркия жеңип алды.

Эске салсак, Изат Артыков Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеште 150 кг көтөргөн. Ушуну менен Кыргызстан курама командасынын капчыгына алгачкы медаль салынды.

ФОТО: Уланбек Молдодосовго таандык