Жаңылыктар
Өзбекстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди
Дүйнө
Өзбекстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди

Өзбекстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. Чечимге ылайык, массалык майрамдык иш-чаралардын бардык түрлөрүн, спорттук мелдештерди, ошондой эле ачык жана жабык жайларда концерттерди, фестивалдарды жана кинопрограммаларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. 

Ошол эле маалда спорттук мелдештерди көрүүчүлөрсүз өткөрүүгө уруксат бар. 1-августтан тартып Өзбекстандын аймагында үлпөт тойлорду, тажияларды жана башка үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүдөгү санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышына көзөмөл күчөтүлүп, алардын катышуучуларынын саны 50 кишиден ашпашы керек деген чектөөлөр киргизилет.

Белгилей кетсек, 1-майдан тартып Өзбекстанда жабык жайларда концерттерди жана спектаклдерди өткөрүү убактылуу токтотулган. 

Өткөн жумада Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 28-июндан 12-июлга чейин Өзбекстанда карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган.