Жаңылыктар
Евро-2020: Италия Испанияны жеңип алды
Дүйнө
Евро-2020: Италия Испанияны жеңип алды

Италия курама командасы Европа чемпионатынын жарым финалында Испания командасын жеңип, финалга жолдомо алды. 

Оюн Англиядагы Уэмбли стадионунда өтүп, эки команда 1:1 эсеби менен аяктаган. Беттештин 60чы мүнөтүндө Федерико Кьеза гол киргизип, италиялыктарды алдыга алып чыкты. 

Негизги бөлүктүн бүтөрүнө 10 мүнөт калганда Альвара Мората гол киргизип, эсепти теңеди. 15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктө эсеп өзгөрбгөндүктөн эрежеге ылайык, ортодогу калыс атаандаштардын бири-биринин дарбазасына топ тебүүгө уруксат берди. 

Жыйынтыгында италиялыктар испаниялыктарга караганда мыктылыгын көрсөтүп алдыга чыкты. Эми Италия 11-июлда Англия же Даниянын курамасы менен финалга чыкмакчы. Европа биринчилигинин финалы Лондон шаарында өтөт.