Жаңылыктар
Нигериянын Кадуна штатындагы мектептен кылмышкерлер 150дөй окуучуну уурдап кетишкен
Дүйнө
Нигериянын Кадуна штатындагы мектептен кылмышкерлер 150дөй окуучуну уурдап кетишкен

Нигериянын Кадуна штатындагы мектепке кылмышкерлер кирип 150дөй окуучуну уурдап кетишкен. 

Аларды дароо эле аскер жана полиция кызматкерлери издөөгө алды. Чөлкөмдө Кадуна штаты адам уурдоо фактысы боюнча өзгөчө жапа чегип келет. Акыркы алты айда жергиликтүү мектептерден 1000ге жакын адам уурдалган. Алардын 150дөн ашыгы ушул убакка чейин табыла элек. Кылмышкерлер окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылуу үчүн ушул кадамга барышат.