Жаңылыктар
Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип 7-июлда үч киши кармалды
Шайлоо 2023
Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип 7-июлда үч киши кармалды

Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип 7-июлда үч киши кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кармалган жарандар 11-июлдагы шаардык кеңешке аттанган партиянын тарапташтары.

Текшерүү учурунда алардын жанынан 115 миң сом табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция кармалгандар кайсы партиянын өкүлдөрү экенин ачыктаган жок. "Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Ош шаарынын 41 жаштагы бир жана 62 жаштагы эки жараны кармалды. 

Алардын бирөөнөн 115 миң сом жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан", — деп жазылат милициянын маалыматында. Бул иш боюнча Жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Буга чейин милицияга шайлоо өнөктүгүнө тиешелүү 15 кайрылуу келип түшкөн. Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.