Жаңылыктар
АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кетти
Дүйнө
АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кетти

АКШ Афганистандагы аскердик күчтөрүнүн 90 пайызын чыгарып кеткенин Американын Башкы командачылыгынын маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазышты. 

Андагы маалыматка ылайык, АКШнын Коргоо министрлигинин жүк ташуучу ири учактары менен 17 миң даана ар кандай аскердик техникалар, жабдуулар чыгарылып кетти.

Учурда чыгарып, ташып кетүү иштеринин 90 пайыздан ашыгы бүтүп калды. Мындан сырткары, Афганистандын Коргоо министрлигине жети объекти өткөрүлүп берилди. Учурда Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин тиреши жүрүп жатат жана талибдер аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, ири шаарларды басып алууга аракет кылууда.