Жаңылыктар
С. Лавров: Россия Тажикстандагы аскер базасын колдонот
Дүйнө
С. Лавров: Россия Тажикстандагы аскер базасын колдонот

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстанды "Талибан" кыймылынан коргоо үчүн Россия колунан келгендин бардыгын жасайт жана анын ичинде Тажикстандагы аскер базасын колдоноорун маалымат жыйында билдирди. 

Лавровдун айтымында, Афганистанда кырдаал америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин тездик менен начарлап баратат. Белгилей кетсек, Афганистанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.