Жаңылыктар
Нарында быйыл 5 мектеп, 4 бала бакча пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында быйыл 5 мектеп, 4 бала бакча пайдаланууга берилет

Нарында быйыл 5 мектеп, 4 бала бакчанын курулушу аяктап пайдаланууга берилет. Учурда айрымдарынын тышкы жумуштары бүтүп калды. Мындан башка дагы чет элдик инвесторлордун колдоосу менен салынып жаткан социалдык объектилер бар. Дубанда курулуш тармагы жыл өткөн сайын өнүгүп, социалдык имаратка болгон муктаждык жоюлууда. 

150 окуучуну өзүнө батыра алган бул мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Кеңеш айылында жайгашып, жалпы наркы 58 миллион сомго бааланды. Акча каражаты этап менен которулуп, учурда иштин 70 пайызы аткарылып бүттү. Куруучулардын айтымында билим уя жаңы окуу жылына чейин бүтүп, пайдаланууга берилет.

Ал эми шаардын борборунда дагы 100 орунга ылайыкталган бала бакчанын пайдубалы түптөлүп, курулуш жумуштары жүрүп жатат. Акыркы үлгүдөгү инженердик ыкманы колдонуп, жаркыраган жагымдуу имарат ушул жылы пайдаланууга берилет экен. Буга каражатты Түркия мамлекети жардам катары берип, жалпы 35 миллион сом которулган.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын алдында курулуп жаткан компьютердик томографиянын имараты жакында бүтүп, ишин баштайт. Белгилей кетсек, буга чейин мындай жайдын жоктугу көйгөй жаратып келген. Жергиликтүү бийлик маселени чечүүнү колго алып, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.