Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык унаа токтотуучу жайларды кеңейтет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык унаа токтотуучу жайларды кеңейтет

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык унаа токтотуучу жайларды кеңейтет. Өткөн жылдан бери 17 көчөдө унаа токтотуучу жай ачылса, быйыл калаанын борбордук бөлүгүнө уюштуруу болжонду.

Учурда иштеп жаткан 17 көчөдөгү муниципалдык унаа токтотуучу жайда 120 оператор иштейт. Алардын көбү мурда ижарадагы унаа токтотуучу жайда иштегендерин белгилешип, бааны улам көтөрө беришерин кошумчалашты.

Муниципалдык унаа токтотуу жайлар 15 мүнөткө чейин акысыз. Андан кийин 25 сом. Бирок, айдоочуларга унаа токтотуучу жай үчүн акча төлөгөндүгүн тастыктаган мөөрү бар дүмүрчөктү “Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары” ишканасынын жана мэриянын эмблемасы түшүрүлгөн атайын жашыл жилет кийген операторлор гана бериши керек. Мындай белгилери жок адамдар акча талап кылып, талон бербей жаткан учурлар болууда.

Белгилей кетсек, муниципалдык унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштейт.