Жаңылыктар
Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордо нур тездеткич аппараттар ишке кирди
Ден соолук
Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордо нур тездеткич аппараттар ишке кирди

Бул багытта мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүлүп, 3 жыл мурда өкмөт Кумтөр кенинен түшкөн каражаттан 7 миллион доллар бөлгөн. 

Көрүнүшү жагынан да чырмалышкан бул жабдык нур менен тездетип дарылайт. Бир сөз менен айтканда залалдуу шишик оорулары менен жабыркаган бейтаптардын өмүрүн узартууга түздөн-түз жардам берет. Кымбат баалуу жабдыкка текшерилген алгачкы бейтаптардын бири Айнагүл Табиева. Бир канча жылдан бери залалдуу шишиктен жабыркап келет.

Татаал система аркылуу кынапталган техника адамдагы онкологиялык ооруну өзү таап, дарылайт. Жабдыктардын дагы бир өзгөчөлүгү нур менен дарылоого жиберилген бейтап, бул жерден дароо компьютердик диагноз чыгаруучу томографиядан жана рентгенден өтө алат. Эгер буга чейин билинбей жана көрүнбөй калган дарт болсо, дал ушул жерден аныкталат.