Жаңылыктар
КТРКнын ишмердүүлүгү тууралуу отчёту депутаттар тарабынан улам артка жылдырылууда
УТРК жаңылыктары
КТРКнын ишмердүүлүгү тууралуу отчёту депутаттар тарабынан улам артка жылдырылууда

КТРКнын Байкоочу кеңешинин өкүлдөрү менен жетекчиси Жогорку Кеңешке корпорациянын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт тапшыруу үчүн беш жолу барды. Бирок депутаттар эртеден кечке күттүргөнү менен өздөрү аны укпай улам артка жылдырууда. 

Чындыгында ал жерде жашыра турган эч нерсе жок. Жыл сайын депутаттардын элегинен өтүп, корпорациянын ишмердүүлүгүнө байланышкан гана маселелер айтылат. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов билдирип, учурда коомчулукта КТРКнын ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан жеке позициясы катары өз оюн айтты.