Жаңылыктар
УКМК: Башкы прокуратура тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Башкы прокуратура тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу Башкы прокуратура берген маалымат жөнүндө мекеменин маалымат кызматы комментарий берди. 

Анда айтылгандай, Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлери Президенттин мыйзамдарынын жана Жарлыктарынын талаптарын одоно бузушуп, ишкердик субъекттерин коргоого багытталган, прокуратура органдарында текшерүү жүргүзүү актысына каттабастан текшерүү жүргүзүшкөн делген Башкы прокуратура тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимге ылайык жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча «Нелегал-2021» аймактык иш-аракеттер планы УКМКнын жана Жалал-Абад облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ишкердик субъектинин ишине эмес, мыйзамсыз мигранттарды пайдалангандыгы үчүн "М.К." ЖЧКна текшерүү жүргүзгөн. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө, ишкана тиешелүү документтери жок коңшу мамлекеттерден келген мыйзамсыз мигранттарды ишкердикке пайдаланганы аныкталды. УКМК жана ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатканда, ишкананын жетекчилиги тоскоолдук жаратып, атайын чатакты козгоп, мыйзам бузууну жашыруу максатында мигранттардын качып кетишине түрткү болгон. Бул тууралуу облустук прокуратуранын кызматкерлерине маалымат берилген.