Жаңылыктар
Өмүргө арачы - гемодиализ
Ден соолук
Өмүргө арачы - гемодиализ

2021-жылдын алты айында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 111 600 гемодиализ сеансы үчүн 524 миллион 800 миң сом төлөнүп берилди. Гемодиализдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо фонд аркылуу бирдиктүү белгиленген баа боюнча бир дарылоо сеансы 4 700 сомго жүргүзөт. 

Фонддун эсебинен гемодиализ алган бейтаптар аймактык жайгашкан жерине карабастан, каалаган гемодиализ борборун тандап алууга укуктуу. Мындай борборлор Кыргызстандын дээрлик бардык региондорунда бар.

Ушул жылдын 1-июлуна карата бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган 1793 адам Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасынын реестринде катталды. Гемодиализ алуу алар үчүн өтө зарыл. Мындай бейтаптар мамлекеттик же жеке менчик борборлорго жөнөтүлүп, 12 гемодиализ сеансын бекер алышат.