Жаңылыктар
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы: Орхан Инандынын кош жарандыгы бар
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы: Орхан Инандынын кош жарандыгы бар

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыгызстандын ID паспортун жана ушул эле жылдын 25-декабрында жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. 

Орхан Инанды Кыргызстандын жаранынын паспортунан сырткары, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон Түркиянын паспортун пайдаланып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, БАЭ, Россия, Түркия жана Индияга учуп барган. 2018-жылдан бери Орхан Инанды Кыргызстандын паспортун 9 жолу пайдаланып, Россия, Казакстан жана Индияга учак менен барып-келип турган.

Жогорудагылардын негизинде Орхан Инанды Кыргызстандын жана Түркиянын жаранынын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес, демек ал Түркиянын жараны болуп эсептелет. 

Андан сырткары, 2019-жылдан баштап тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инанды Кыргызстандын паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүүдө.