Жаңылыктар
Стратегиялык иликтөөлөр институтунун ишмердүүлүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Стратегиялык иликтөөлөр институтунун ишмердүүлүгү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметовду кабыл алды. Анда мамлекеттик өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана кабыл алууда Институттун ишинин натыйжалуулугун, мамлекеттик органдардын Институт менен өз ара аракеттенүүсүн жана алардын изилдөө ишинин дараметин күчтөндүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору институттун милдеттери жана жакынкы аралыктагы пландары тууралуу маалымат берди. 

«Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун аналитикалык иликтөөлөрү мамлекеттик органдардын болжолдоо жаатындагы ишин олуттуу жеңилдете алат. Өлкөнүн аналитикалык продуктуларынын жана аналитикалык иликтөөлөр фондунун бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгуу зарыл, аны менен мамлекеттик органдар, эл аралык коомчулук жана катардагы жарандар да пайдалана алгыдай болушу кажет», - деп белгиледи Марипов. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттик Администрациянын тийиштүү бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды, анын ичинде Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жөнүндө» Президенттин Жарлыгын кабыл алуу боюнча да тапшырмаларды берди.