Жаңылыктар
Ошто депутаттыкка талапкер кармалды
Шайлоо 2023
Ошто депутаттыкка талапкер кармалды

Ошто депутаттыкка талапкер кармалды, - деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 7-июлда кечки саат ондор чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «шайлоочулардын добуштарын сатып алууга» шектүү катары дагы бир жаран кармалып, тергөө кызматына алып келинди. 

"Ал Ош шаардык кеӊешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер. Бул талапкер тарабынан шайлоочуларга берилген акча каражаттары алынып, тиешелүү көрсөтмөлөр толптолууда, күбөлөр суралууда. Тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу дагы кошумча маалымат беребиз", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. 

Ал эми кечээ күндүзгү саат 11:00 чамаларында аныкталган «шайлоочулардын добушун сатып алуу» фактысы боюнча башка Ош шаардык кеӊешине депутаттыкка талапкер кармалып, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.