Жаңылыктар
Ош облусунда эки мектептин курулушу аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда эки мектептин курулушу аяктады

Ош облусунда 2 мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Алар Кара-Суу районундагы Маданият айылындагы №42 мектеби жана Араван районунун Кочубаев айылындагы №23 А.Тургунов атындагы мектеп-интернаты. 

Аталган мектептердин ар бири 225 окуучуга ылайыкталып, 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары тургузулган. 

Ошондой эле, мектептерде толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректери менен жабдылган.

Белгилей кетсек, жаңы мектептердин курулушу өткөн жылдын январь айында башталып, алардын сметалык наркы 157 млн 834 миң 320 сомду түзгѳн.