Жаңылыктар
Окумуштуулар мөңгүлөрдүн эришинин себептерин иликтөөнү улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
Окумуштуулар мөңгүлөрдүн эришинин себептерин иликтөөнү улантууда

Бул жолу алар спутниктен тартылган сүрөттөрдү колдонуп, бийик тоолуу Азиянын ар кайсы аймактарындагы мөңгүлөрдүн жайгашуусун окуп үйрөнүштү. Бул тууралуу “Nature Communications” басылмасынын сайтында жарыяланды. 

Маалыматка караганда, акыркы жылдары жайкысын абанын температурасынын кескин жогорулашынан улам Азиянын бийик тоолуу аймактарындагы мөңгүлөр тез эрип кетүүдө. Илимпоздор өз изилдөөлөрүндө 60-70-жылдары иштеген “Corona” жана “Hexagon” спутниктен алынган сүрөттөрдү колдонушту. 

Алар бийик тоолуу Азиянын ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде Гималай, Памир, Тянь-Шань жана Тибет тоолорундагы мөңгүлөрдү изилдөөгө жетишкен. Анда мөңгүлөрдүн массалык жоголуусу менен климаттын өзгөрүшүнүн ортосундагы байланыш каралды. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, муздарды жоготуу ылдамдыгы жайдын температурасынын жогорулашына байланыштуу.