Жаңылыктар
Баткен районундагы Газ жана Согмент айылдарында сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Баткен районундагы Газ жана Согмент айылдарында сел жүрдү

Нөшөрлөгөн жаандан улам Баткен районундагы Газ жана Согмент айылдарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ондогон үйдүн короолорун суу каптап, кум-шагылга толуп калганын, көпүрөлөр бузулуп, жаан айрым жолдорду, эгин талааларын жууп кеткенин кабарлады. 

Газ айылында 50дөй үйдө кооптуу абал жаралып, алты турак жайдын ээсине коопсуз жерге убактылуу көчүп кетүү сунушу берилди. Райондун акиминин буйругу менен Газ менен Согментке өзгөчө кырдаал киргизилди. Учурда селдин кесепетин жоюу иштери уланып жатат жана чыгымдын көлөмү тактала элек.