Жаңылыктар
Тажикстан Афганистандагы абалдын кооптуулугунан союздаш өлкөлөрдөн жардам сурады
Дүйнө
Тажикстан Афганистандагы абалдын кооптуулугунан союздаш өлкөлөрдөн жардам сурады

Тажикстан коңшу Афганистандагы абалдын кооптуулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюму боюнча союздаш өлкөлөрдөн жардам сурады. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды. Аталган уюмдун туруктуу кеңешинин жыйынында Дүйшөмбүнүн өкүлү Хасан Султонов Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы эң узун аралык экенин белгилеген."Тажикстан коңшу мамлекеттен жаралып жаткан кооптуулук менен чакырыктарга каршы туруу жана абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. 

Бирок түзүлгөн кырдаалдан улам, мындан тышкары, Афганистан менен чектешкен айрым аймактар тоолуу жерде жайгашканына байланыштуу жалгыз күрөшүү оор болуп жатат", — деди Султонов. Анын айтымында, Тажикстан кырдаал ЖККУ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. 

Султонов түштүк чек араны бекемдөө боюнча дарамети күчөтүү зарылдыгын белгилеген. Эскерте кетсек, ушу тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга багыт алууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган.