Жаңылыктар
ИИМ: КР жарандыгын алган чет элдиктер текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: КР жарандыгын алган чет элдиктер текшерилет

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын жарандыгын кандай шартта алгандыгы иликтенүүдө. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кылмыш ишинин алкагында учурда жалпы Кыргызстандын жарандык паспортун алган чет элдик жарандардын бардыгы ички иштер министрлиги тарабынан дыкат иликтенип текшерүүгө алынат. 

Алардын паспортторунун канчалык мыйзамдуу экендигин, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткендиги, кимдер бергендиги сыяктуу бардык фактылар текшерилип аларга юридикалык баа берилет.