Жаңылыктар
Тажик чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан 27 жаштагы кыргыз жоокери курман болду
Чек ара
Тажик чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан  27 жаштагы кыргыз жоокери курман болду

Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара кезметине куралдуу кол салуусунан УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери – 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болду.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда аскер кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, тажик тараптан дагы каза болгондор жана жаракат алгандар бар. О

куя болгон жерде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бар. Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча иликтөө жүргүзүүдө. 

Белгилей кетсек, кечээ, 8-июлда саат 17:00 чамасында УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.