Жаңылыктар
Шайлоого карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоого карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого карата милиция кызматкерлери бүгүндөн баштап күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миңдей милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле элдик кошуундар дагы жардам көрсөтөт. Ал эми миңден ашуун милиционер шайлоо участкаларына бекитилген.

Коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын ыкчам штабы түзүлдү. Коомдук тартипти камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык милицияларына жөнөтүлгөн. ИИМдин кызматкерлерине БШК менен биргеликте онлайн-методикалык окуулар өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери 9-12-июль күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Белгилей кетсек, ушул жекшембиде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул күнү 326 шайлоо участкасы ачылат.