Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал азыркы учурда кандай?
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал азыркы учурда кандай?

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышуу болгон аймакта эки өлкөнүн тиешелүү кызмат өкүлдөрү жолугуп, териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле тажик тарап алып кеткен кыргыз аскерин кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Эске салсак, кечээ, 8-июлда Баткен облусунун Чашмагильдан тарабына бараткан чек ара кезметине тажик тараптын чек арачылары күтүүсүз кол салган. Ок атышуудан Кыргызстандык аскер курман болгон.