Бүгүн Бишкекте, Ошто жана Токмокто шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, кайталап шайлоодо добуш берүү үчүн тизмеге 617 миң 517 шайлоочу кирген.
Алардын ичинен Бишкекте - 426 миң 699, Ошто - 152 миң 718, Токмокто 38 миң 100 шайлоочу. Бишкек шаардык кеңешке 18 партия, Ош шаардык кеңешке 8 партия катышууда.
10-июлда Борбордук Шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан "Ынтымак" партиясын четтеткен. Ал эми Токмок шаарында 6 партия катышууда.
Шайлоо тилкелери эртең мененки саат 8:00дө ачылып, кечки 20:00гө чейин ачык болот. Добуш берүүчү тилкелерде санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек.