Жаңылыктар
Шайлоочулардын тизмеси
Шайлоо 2023
Шайлоочулардын тизмеси

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого жалпы 617 миң 517 жаран тизмеге киргизилген. БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдиргендей, Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмок шаарында 38 миң 100 жаран шайлоочу катары катталган. Бишкек шаардык кеңешке 18 партиядан 1 371 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен 1 258 талапкер тизмеге катталган. Ал эми Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоого 6 саясий партия, Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 8 саясий партия катышууда.

Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.