Жаңылыктар
Бүгүн Бишкекте коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкекте коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук унаалар таңкы саат 6:00дөн түнкү 23:00гө чейин иштейт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өтүп жатат. Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды: Ленин районунда - 62, Октябрь районунда - 59, Биринчи май районунда - 49, Свердло районунда - 58.

Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева шайлоо өткөрүү боюнча штабда ооруп жаткан адамдар үчүн өзүнчө шарттар түзүлөт деп билдирген.