Жаңылыктар
Шайлоого карата коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миңдей милиция кызматкери тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Шайлоого карата коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миңдей милиция кызматкери тартылды

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого карата милиция кызматкерлери бүгүндөн баштап күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миңдей милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле элдик кошуундар дагы жардам көрсөтөт. Ал эми миңден ашуун милиционер шайлоо участкаларына бекитилген.

Коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын ыкчам штабы түзүлгөн. Коомдук тартипти камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык милицияларына жөнөтүлгөн.