Жаңылыктар
Саат 10.00го карата Бишкек шаарында 15 059 шайлоочу добуш берди
Шайлоо 2023
Саат 10.00го карата Бишкек шаарында 15 059 шайлоочу добуш берди

11-июль саат 10го карата Бишкек шаары боюнча 15 миң 59 шайлоочу добуш берди. Алсак, Ленин районунда - 4 миң 642, Октябрь районунда - 3 миң 706, Биринчи Май районунда - 3 миң 702, Свердлов районунда 3 миң 9 шайлоочу катышты. 

Добушканадан сырткары добуш берүүгө 2 миң 605 жарандан арыз түшүп, мунун 2 миң 277си жарандык милдетин аткарган. 

Мындан сырткары ордо калаада шайлоо тартибин бузгандыгы боюнча 15 арыз түшүп, аларга карата тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Баш калаада жалпы 426 миң 699 шайлоочу катталган.