Жаңылыктар
Токмокто 20 шайлоо тилкеси иштеп жатат
Шайлоо 2023
Токмокто 20 шайлоо тилкеси иштеп жатат

11-июлда Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого саат онго карата 2866 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 7,52 пайызын түзөт. 

Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Максат Урумбеков айтты. Токмокто 20 шайлоо тилкеси иштеп жатат. 

Жалпы алты саясий партия ат салышууда. 13 даттануу келип түшкөн, анын үчөө боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Эки партияга эскертүү берилип, экөөнө айып салынган. Калгандары каралууда.