Жаңылыктар
Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды
Коррупция
Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурунку төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. 

Түркиянын жарандарына Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча коррупциянын аныкталган схемалары аркылуу мыйзамсыз аракеттерде көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, Дүйшөн Сатыбалдиев 2013-жылы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаментинин директору болуп бекитилип, 2015-жылы ал аталган кызматтан бошотулган.