Жаңылыктар
Иззат Артыковдун турмуштагы жагдайы
Кыргызстан жаңылыктары
Иззат Артыковдун турмуштагы жагдайы

Риодогу жайкы олимпиадага аттанган спортчулардын катарынан биринчи болуп оор атлетчи Иззат Артыков коло медал утуп, мекендештеринин үмүтүн актады. Ал эми анын жакындары жана кош бойлуу келинчеги мекенинде Иззатты чыдамсыздык менен күтүүдө. 

Чемпиондун жубайынын кубанычы койнуна батпай турган чагы. Иззат менен Айгерим тогуз ай мурун кол кармашкан, учурда келинчегинин сегиз айлык боюнда бар. Иззат жаңы турмуш жолун баштаганы менен үйгө токтобой, жер-жерде машыгуунун үстүндө болгон. Айгерим жолдошунун маңдай тери текке кетпей, намыска жарап бергенине кубанып жатат. Айрыкча Иззат коло медалга ээ болгон мүнөттөрдө катуу толкунданган. 

Иззаттын жашоосу жөнөкөй. Бишкекте өзүнүн үйү жок, баш кошкон түгөйлөр тогуз ай аралыгында 4 батир которууга үлгүргөн. Спортчу айына 12 миң сом төлөп батирде жашайт. Келинчегинин айтымында, спортчунун алган стипендиясы азырынча экөөнө жетүүдө. 

Спортчуларды олимпиада оюндарына узатып жатып президент жеңиш алып келгендерге акчалай сыйлыктар каралганын айткан. Эми коло медал алган Иззатка 3 жарым миллион сом берилет. Улуттук олимпиада комитети Бишкектен бир батир жана жаңы унаа, машыктыруучусуна да батир убада кылган. Андан тышкары Бишкек мэриясы батир берилет деп билдирген.

Бүгүн Иззаттын туугандары ак дасторкон жайып, түлөө өткөрүп, кыргыздын салтын улап жатат. Алардын кубанычтары койнуна батпай чемпионду тосуп алууга камынууда.

Иззаттын жеңиши - ушул жолку олимпиадада Кыргызстандын куржунуна түшкөн алгачкы медал. Эми ал акжолтой болуп, артынан башка спортсмендерди дагы ийгилик коштойт деп күтүп туралы.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118