Жаңылыктар
УКМК: “Эмгек” партиясынын өкүлү кармалды
Шайлоо 2023
УКМК: “Эмгек” партиясынын өкүлү кармалды

Улуттук коопсуздук кызматы 10-июлда добуш сатып алууга аракет кылган деген айып менен “Эмгек” партиясынын өкүлү кармалганын билдирди. 

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин "Добуш сатып алуу" беренеси менен катталып, тергеп-иликтөө башталды. 

“Кармалган жаран "Эмгек" партиясынын бир талапкеринин көрсөтмөсүнө ылайык, МТУ-2де шайлоочуларга 1 миң сомдон таратып жаткан. Тинтүү учурунда анын жанынан 10 миң сом жана шайлоочулардын акча алганы тууралуу белгиси коюлган тизме табылган”, деп айтылат маалыматта. Буга чейин Ош шаарында добуш сатып алууга шек саналып эки талапкер жана партия өкүлдөрү кармалган.