Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жүрүшүнө ИИМдин кызматкерлери тартылып, көзөмөлдөөдө
Шайлоо 2023
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жүрүшүнө ИИМдин кызматкерлери тартылып, көзөмөлдөөдө

Бишкек Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жүрүшүнө ИИМдин кызматкерлери тартылып, көзөмөлдөөдө. 

Саат 13:00гө карата Ички иштер министрлигине добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 40 маалымат түштү. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов брифингде кабарлады. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча 32 маалымат, Ош шаары боюнча 2, Токмок шаарындагы мыйзам бузуулар тууралуу 6 даттануу түштү. Султан Макиловдун айтымында, бүгүн келип түшкөн маалыматтардын алтоо кылмыш катары Бишкек шаарында катталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат.