Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: саат 14:00гө карата үч шаарда 17,06% шайлоочу добуш берди
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: саат 14:00гө карата үч шаарда 17,06% шайлоочу добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясы саат экиге карата үч шаардагы кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 17,06%, тактап айтканда, 105 миң 363 адам катышканын билдирди. 

Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 55 миң 515 же 13,01%, Ошто 40 миң 695 же 26,65%, ал эми Токмокто 9 миң 152 же 24,02% шайлоочу келди. Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2 миң 200дөн көп талапкер катышып жатат.

БШКнын эсебине караганда, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу кирген. Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.