Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоонун жүрүшүндө кылмыштар катталды
Шайлоо 2023
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоонун жүрүшүндө кылмыштар катталды

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоонун жүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш иштери боюнча 7, жоруктар тууралуу 3, номенклатуралык 11 иш катталды. 

Ленин району боюнча номер 10 43 шайлоо тилкесинде “Ынтымак” саясий партиясы тарабынан инстаграм социалдык тармагына үгүт катары видео ролик чыгарылган. Бул аталган партия тарабынан өчүрүлдү. Мындан сырткары, номер 12 30 добуш берүү тилкесине байкоочулар кире албай жатканы тууралуу маалымат келген. Жыйынтыгында аларды эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аралыкты сактоо үчүн кезек менен киргизүү чечими кабыл алынган. Ошондой эле, 13 01 шайлоо участогуна жарандарды унаа менен алып келүү боюнча кабар түшүп, бул билдирүү ИИМдин кызматкерлери тарабынан тастыкталган жок. 13 43 добуш берүү тилкесинде байкоочу шайлоочулардын аты-жөнүн жазып, сүрөткө тартканы кабарланган. Аталган жайга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын куратору барганда, мыйзам бузуу аныкталган эмес. Ал эми, номер 13 45 шайлоо тилкесинде “Реформа” саясий партиясынын үгүт баннерлери илинип турганы кабарланды.