Ош шаарындагы бардык шайлоо тилкелеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышына дыккат көзөмөл жүрүүдө.
Бул үчүн жеринде медкызматкерлер иштөөдө. Ар бир тилке алдын ала керектүү санитардык каражаттар менен камсыздалган. Андыктан тилкенин кире беришинде шайлоочуларга бет кап таратылып, колдоруна антисептик чачылууда. Эң башкысы аралыкты сактоо керектиги эскертилүүдө. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаарындагы координаторунун маалыматында учурда калаада эпидкырдаал турукташуу жолуна түшүп бара жатат. Бирок ага карабастан коопсуздук жана сактануу чараларын эстен чыгарбоо керек.