Жаңылыктар
Жогорку окуу жайларындагы аскер кафедралары жоюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку окуу жайларындагы аскер кафедралары жоюлат

Аскер кызматына чакырылгандардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө мыйзам 2000-жылы эле кабыл алынган. Бирок буга чейин ал кагаз түрүндө калып, натыйжалуу иштеген эмес. Мындан улам коргоо кеңеши чечим кабыл алып, аскерге чакырылган жарандарды чет жакка чыгуусун көзөмөлдөө боюнча токтом иштелип чыкты. Андан тышкары жалпыга бирдей аскердик милдеттер боюнча мыйзамдын негизинде Жогорку окуу жайларындагы аскер кафедраларын жойуу каралган.

Президенттин жарлыгына ылайык эми медициналык академиядан тышкары баардык жогорку окуу жайларындагы аскер кафедралары жоюлат. Бирок жогорку билимдүүлөр офицердик наам алуу укугунан ажырабайт. Дипломду алган соң бир жыл аскерде кызмат өтөп, анын акыркы айында офицердик курсту ийгиликтүү аяктоо мүмкүнчүлүгү бар. 

ЖОЖду аяктагандан кийин, бир жылдык аскер кызматына барышат. 11 айдан кийин 12 айын бир айлык сборду өтөт. Аны ийгиликтүү тапшыргандан кийин лейтанант деген наам берилет. 

Буга чейин Жогорку окуу жайлардагы аскер кафедрасын аяктагандар офицердик наамга ээ болушчу. Бирок алар тигил же бул аскер бөлүктөрүнө барып катардагы жоокерлер менен иш алып барууда чабалдык кылышканы маалым. Анткени көп нерсе оозеки айтылып, практикалык тажрыйба аксап келген. 

Анткен менен аскерге жарамдуу балдардын баары тең чет өлкөгө чыга албай калат деген болбогон сөз. Чет өлкөгө окууга, машыгууга, практикага бара жаткан балдарга эч ким жолтоо болбойт. Мындан тышкары үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу чет өлкөгө иштегени жөнөгөндөргө да уруксаат берилет. Бирок жумуш расмий кагаздар менен тастыкталышы керек. 

Орто эсеп менен жылына Кыргызстанда 70 миңдин тегерегиндеги эркек балдар мектеп партасын аяктайт. Анын болгону 3 миңден ашуунун кыргыз армиясы өз катарына кошот. Көрүп жаткан чаралардын баардыгы мына ушул алакандай аскердик курамды сапаттуу кармап, күчтөндүрүүгө багытталган. 


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118