Жаңылыктар
Саат 14:00гө карата Токмок шаарында 9 миң 202 адам добуш берди
Шайлоо 2023
 Саат 14:00гө карата Токмок шаарында 9 миң 202 адам добуш берди

Токмок шаардык кеңешине болгон кайталап шайлоодо саат 14:00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү 24,15% түздү. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Максат Урмамбетовдун айтымында, 9 миң 202 адам добуш берди. “Добуш берүү санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга ылайык өтүп жатат, ар бир шайлоочуга бет кап берилди, имараттардын ичи, бардык аймактык шайлоо комиссияларындагы кабиналар тазаланып жатат”, - деди Урмамбетов. Анын айтымында, добуштарды сатып алуу боюнча 2 билдирүү болгон. Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери маалыматты иштеп чыгууда. Жыйынтыгы жөнүндө кийинчерээк маалымдалат.