Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: саат 16:00гө карата үч шаарда 132 миң 139 адам добуш берди
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: саат 16:00гө карата үч шаарда 132 миң 139 адам добуш берди

Бүгүн, 11-июль, саат 16:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 132 миң 139 адам добуш берди. 

Бул тууралуу БШКнын сайтында жазылды. Ага ылайык, ал жалпы шайлоочулардын 21,40%ын түзөт. Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.
Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешине 8 саясий партия катышууда.

Эскерте кетсек, аталган үч шаарда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.