Жаңылыктар
Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. "Дүйшөмбү, 19-июль арапа күнү, ал эми Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет", — деп айтылат билдирүүдө.

Курман айт мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Майрам айт намазын окуу менен башталып, алы жеткен мусулман баласы курмандык союп, жакындарына, муктаждарга таратат. Мусулмандар айт күндөрү бири-бирин куттукташып, айтташып, бири-бирине зыярат кылышат. Барган жерлеринен түркүн даам татышып, шариятка шайкеш майрамдык маанайда шаң салтанатта өткөрүшөт.