Жаңылыктар
Алыш күрөшү боюнча беттеше турган кыргыз спортчулары аныкталды
Спорт
Алыш күрөшү боюнча беттеше турган кыргыз спортчулары аныкталды

Алыш күрөшү боюнча көчмөндөр оюндарында беттешке чыга турган кыргыз спортчулары аныкталды. Бул жолу 24 кыргыз оюнчусу 45 мамлекеттен келген спортчулар менен күч сынашат. Алардын арасында кыздар дагы бар. 

Кыз балбан Күмүшай Көчмөндөр оюндарында мелдешке чыкканда кийе турган спорттук кийимин бүгүн ченеп көрүүдө. Сыртынан караганда чоң көрүнөт. Көрсө, күрөшүп жатканда ыңгайсыз болбос үчүн адаттагыдан чоңду кийиш керек экен.

Алыш күрөшүнө келгенине жыл айлана элек, бирок дымагы күчтүү кыз курама командага илинди. Көрсө, бала кезден эле күрөш деп көксөп келген экен.

Күмүшай 60 килограмм салмактагы кыздар менен көчмөндөр оюндарында мелдешет. Ал эми Кокумов Кубанычбек эң оор салмактагылар менен күч сынашат. Ал 147 килограмм болгону менен иш жүзүндө өзүнөн бир топ оор салмактагылар менен күрөшкөн учурлары дагы кездешкен. Ошондуктан, көчмөндөр оюндарында өзүнөн көлөмдүүлөр менен дагы күч сынашканга даяр.

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын негизги атаандашы түркмөндөр болчудай. Мындан тышкары орус, казак, өзбек жана тажиктердин дагы күчтүү балбандары келет.

Алыш күрөшүндөгүлөр буга чейин бир жолу көл жээгинде машыгуусун өткөрүп келген. Эми экинчисине кетип жатышат. Алыш боюнча Кыргызстандын атынан 12 кыз жана 12 жигит күч сынашат. Аларды экинчи машыктырууга көл кылаасына атайын көчмөндөр оюнунун эн белгиси бар автобус менен алып кетишти.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118