Жаңылыктар
Токмок шаарында шайлоо тартибин бузган 9 арыз берилди
Шайлоо 2023
Токмок шаарында шайлоо тартибин бузган 9 арыз берилди

Жарандардан Токмок шаарында шайлоо тартибин бузган 9 арыз берилип, мунун алтоо боюнча тергөө башталды. 

Бул тууралуу брифинг учурунда ИИМдин өкүлү Султан Макилов билдирди. Анын айтымында Бишкек шаарында 5 бузуу катталган. Мунун бирөөсү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алынды. Ал эми Ош шаарында катталган 5 бузуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына чара көрүү үчүн жиберилген. Жалпылап алганда добуш сатып алуу фактысы боюнча 11 кайрылуу, массалык жеткирүү боюнча 3 факты болду.