Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо саат 18:00гө карата маалымат
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо саат 18:00гө карата маалымат

Саат 18:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 155 миң 707 адам добуш берди. 

Бул тууралуу БШКнын сайтында жазылды. Ага ылайык, ал жалпы шайлоочулардын 25,22%ын түзөт. Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешине 8 саясий партия катышууда.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.