Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо саат 18:00гө карата
Шайлоо 2023
Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо саат 18:00гө карата

Саат 18:00гө карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 83 миң 357 жаран барды. 

Ал жалпы шайлоочулардын 19,54%ын түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Ленин районунда 25 миң 486 жаран, Октябрь районунда 19 миң 2, Биринчи май районунда 19 миң 163, Свердлов районунда 19 миң 706 жаран шайлоодо тандоосун жасады.