Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндарын колдоо ниетин 70тен ашуун демөөрчү билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюндарын колдоо ниетин 70тен ашуун демөөрчү билдирди

Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө демөөрчүлүк кылуу ниетин жетимиштен ашык компания билдирген. Көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгы менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткан демөөрчүлөр ар тараптуу жардамдарын аяган жок.

Сан миң кылым санжырасын сактаган көчмөн элдин улуттук ашканасы көптү өзүнө тартат. Анын ичинде кыргыз дасторконунун көркүн чыгаруучу улуттук суусундуктар өзүнүн дарылык касиети менен өтө баалуу. Көчмөндөрдүн чаңкоону баскан максым, бозо, жарма менен кымызы жылы бою дасторкондон үзүлбөйт. 

Ата-бабалардан бери көөнөрбөй келе жаткан ыкма менен улуттук суусундуктарды чыгарган “Шоро” компаниясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өнөктөшү. Көөнө маданияттын бир учугун тартып келе жаткан ишкана ири саамалыкты ар тараптан колдоого даяр. 

Кыргыздын маданий мурастарын жайылтууга үндөш болгон “Шоро” компаниясы Көчмөндөр оюндарына өзгөчө кам көрүүдө. Атайын жарнамалык роликтерди даярдап, суусундуктарды ташыган унааларынан тартып иче турган идиштерге чейин көчмөн элди даңазалаган. 

Көчмөндөр оюндарына жүздөгөн чет өлкөлүк меймандар келээри күтүлүп жатат. Туристтерди тосуп алууда транпорт тармагы биринчи орунда. Иш чаранын расмий өнөктөшү “Кыргыз темир жолу” ишканасы бул жагынан кол кабыш кылууда. 

Компания туристтер менен волонтерлорду атайын жасалгаланган поезддер менен Ысык-Көлгө жеткирип, кайра алып келет. Аларды атайын коштоп жүрүүчүлөр тейлейт.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118